Токтогулда жаңыланган стадион ачылдыОш–Баткен–Раззаков жолунун жаңыланган бөлүгү ачылдыШашылыш билдирүү! Аба ырайы кескин өзгөрөтКыргызстанда ID-паспортту кантип алууга болот? Жол-жобосуТокторбаев “Ош-Сити” компаниясынын жетекчилерин сыртка чыгарбоону сунуштады Камчыбек Ташиев үч эмдин энесине жаңы батир берди
Чек арада жараат алган 137 адам ооруканада дарыланууда
23.09.2022 | 14:05
Тажикстандын Кыргызстандын аймагындагы куралдуу кол салуусунда жабыркаган 137 адам Кыргызстандын ооруканаларында дарыланууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин баштапкы медициналык-санитардык жардам жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Калмаматов маалымат жыйында билдирди.
Жалпысынан 198 адам жабыркап, анын ичинен 61 бейтап амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн.
Жардам сурап кайрылган жабырлануучулардын жалпы санынан:
– 13 бала;
– 71 эркек;
– 14 аял.
126сы Бишкек жана Ош шаарларындагы саламаттык сактоо уюмдарына өткөрүлүп берилди:
– Улуттук госпитал – 85;
– Ош облустук бириккен ооруканасы – 16;
– Эне жана баланы коргоо улуттук борбору – 9;
– Улуттук хирургиялык борбор – 8;
– Тез жардам ооруканасы – 8.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар