Президент Акылбек Жапаров менен кандай келишими бар экенин айтты

Президент Акылбек Жапаров менен кандай келишими бар экенин айтты

Президент Садыр Жапаров айланасындагы кадрлар кандай иштеп жатканыгы боюнча “Кабар” агенттигине берген маегинде айтып берди.

Президент «Айланаңыздагы адамдар өздөрүнүн алдындагы милдеттерин толук аткара албай жатат дегенге кошуласызбы?» деген суроого төмөндөгүдөй жооп берди: 

— Акылбек Жапаровду баш кылып иштеп бергиле деп өзүм чакырып келдим. Так сүйлөшүп алдык. “Буга чейин кандай иштегениңер, эмне кылганыңар мени кызыктырбайт. Мындан аркы мени менен иштеген ишиңер таза болбосо капа болбогула, бир гана эмгек акыга иштейсинер, бир сом уурдасаңар же жеке кызыкчылыгыңарга пайдалансаңар камаласыңар” деген келишим бар ортобузда.

Акылбек Үсөнбековичке: “Экөөбүздүн тең фамилиябыз – Жапаров. Фамилиябызды булгабайлы. Тарыхта ак тамгалар менен жазылып калалы. Балдарыбызды жер каратпайлы”, — деп айтып атам.

Жаман команда болсок, бир жылда бюджетти 280 миллиарддан 411 миллиардка кантип көтөрөт элек? Кантип эмгек акыларды 3 эсеге көтөрөт элек? Кантип жөлөкпулдарды көтөрөт элек? Кантип армиябызды күчтөп алат элек? “Курал-жарак жана жаңы технологияларды сатып алабыз, бергиле”, — десек, өнөктөш өлкөлөрдүн жетекчилери: “Мурда бекер бергилечи деп суранып жүрчү элеңер. Азыр акчаны кайдан таап атасыңар?”, — деп таң калып сурап атышат.

Начар команда болсок, итке минген бойдон олтура берет элек. Мектептерди салбайт элек. Жалпы республика боюнча 37 мектеп, 3 бала бакча бүттү. Жылдын аягына чейин дагы 48 мектеп, 8 бала бакча, 1 саламаттык сактоо имараттары курулуп бүтөт, буюрса.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>