Активист: Жекшеналиев жүрөк оорусуна карабай, дагы деле камакта

Активист: Жекшеналиев жүрөк оорусуна карабай, дагы деле камакта

Камактагы активист Ырыс Жекшеналиев ооруп жатканына байланыштуу ооруканага которулушу керек. Бул тууралуу жарандык активисит Эрлан Бекчоро уулу билдирди.

Анын айтымында, Жекшеналиевдин ден соолугу начарлаганынан улам ал медициналык текшерүүдөн өткөрүлгөн.

«Ырыс Жекшеналиевдин жүрөгү ооруп жаткандыгына байланыштуу ооруканага которуш керек болчу. Буга чейин жактоочу аркылуу ден соолугун каратуу тууралуу өтүнүч кат жиберилген. Анын бир эле жүрөгү эмес, башы жана бели ооруп жатат. Ал текшерүүдөн өткөндөн кийин жүрөгү ооруганы далилденди. Тергөө абагынан дароо которбойт экен, убакытты чоюп жатышат. Бирок биз (тез арада которулушун — ред.) талап кылып жатабыз», — деди ал.

Ал белгилегендей, Ырыс Жекшеналиев камакка алынганга чейин эле жүрөгү ооручу.

«Ырыс Жекшеналиев «ден соолугум начарлап, жүрөгүм ооруп жатат», — деп улам-улам айтып жатат. Анткени буга чейин да дарыланчу убагы келген экен. Ал камакка алынганга чейин эле жүрөгү, бели, башы ооручу. Камаларын каяктан билиптир. Апасынын айтымында, «ден соолугун текшертейли деп даярданганда, кое туралы» деп койгон», — деди ал.

Эскерте кетсек, 14-августта президент Садыр Жапаров Жетим-Тоо кени боюнча билдирүү жасаган. Анда президент айрым адамдар Жетим-Тоо боюнча туура эмес маалымат таратып жатканын айтып, укук коргоо органдарына аларды тартипке чакырууну тапшырган. Ага чейин фейсбуктагы «Полит Узник» баракчасында УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо боюнча архивдик билдирүүсү жарыяланган.

Аталган видеого байланыштуу «Полит Узник» баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиевге кылмыш иши козголуп, 16-августта камакка алынган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>