Айыл чарба продукциясын чыгаруунун көлөмү 396 млрд сомдон аштыOld Bishkek комплексин нөшөрлөгөн жаандан улам суу каптады. Нариман Түлеев эмне деди?Садыр Жапаров жаңы жылдык куттуктоосунда 2025-жылдын жыйынтыгын чыгардыҮй иштериндеги аялдардын жүгү эркектердикинен беш эсе оорБишкекте турак үйдөн өрт чыгып, бир адам каза таптыУКМК «Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомуна» таандык жер мыйзамсыз менчиктештирилгенин аныктады
Депутат Баткен облусун Манас деп өзгөртүүнү сунуштады – видео
29.09.2022 | 11:32
Бүгүн, 29-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов Баткен облусунун аталышын Манас деп өзгөртүүнү сунуштады.
Отурумда Икрамов бул маселе боюнча Министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлүнө кайрылды.
“Кыргызстан Баткенден башталат деп айтып келе жатабыз. Бүгүнкү күнү Баткендин абалы оор болуп турганда Баткендин баатыр эли колдосо, Баткенди Манас облусу деп атоону сунуштайм. Ушул боюнча өкмөт тиешелүү иштерди жүргүзсө. Менин сунушумду Баткен облусунун эли колдосо, кыргыздардын башын бириктирген баатыр Манас атабыздын атын облуска ыйгарууну сунуштайм”, – деди ал.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом