Мугалимдердин духу түштү. Депутат министрдин кармалышын сындады

Мугалимдердин духу түштү. Депутат министрдин кармалышын сындады

Бүгүн, 29-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев пара алууга шектелип кармалган билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин кармалышы боюнча оюн билдирди.

Ал жыйында Министрлер кабинетине кайрылуу жасады.

«Эгер кайсы министр, ким болбосун мажбурлап пара талап кылып, акча алган болсо жазасын алыш керек. Бирок ушунтип видеосуна музыка коюп, бизнесмендерди, министрлерди кармаганды, ушундай шоуну качан токтотосуңар. Билим берүү министри пара алган күндө дагы саясат, мамлекеттик идеология болуш керек. Бүгүн министрдин колун кармап кеткенден кийин жүз миңдеген мугалимдин духу түштү.

Пара талап кылган, акча алган күндө дагы видеого тартып, музыкасын коштоп чыгарбай эле чакырып, «пара талап кылдың ката кетирдиң жумуштан кет» десе кызматын тапшырат эле го! Жүз миңдеген мугалим колун түшүрүп, шалдай отурум калды. Алар мектепте балдарга кантип акыл үйрөтөт. (…). Анча-мынча нерсени жашырыш керек да. Аны элдин баары «тузакка илинди» (подстава) деп жатышат. Биз мугалимдерге сокку урдук», — деди ал.

Анын айтымында, ушундай камоолор боло берсе, мамлекеттик кызматка эч ким барбайт.

«Бизнесмендерди, башкасын кармап жатасыңар, Кыргызстанда камалбаган министр, камалбаган акчалуу киши калбайт окшойт. Ушинте берсек, мамлекеттик кызматка ким барат?! Эчи ким барбайт. Депутаттардан кызматка барат бекен сурагыла, эч ким барбайт. Алып келесиңер, 1-2 ай иштетип камасаңар, эч ким барбайт да, жалаң сабатсыз, эч нерседен коркпогон, «макул түрмөгө отура берем» дегендер мамлекеттик кызматка иштесин. Бул трагедия, чоң катастрофа», — деди ал.

Эскерте кетсек, кечээ, 28-сентябрда ИИМ Бейшеналиев чет элдик студенттерди Кыргызстандагы окуу жайларга өткөрүү үчүн пара (110 миң доллар) алууга байланыштуу иштин алкагында кармалганын билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>