Кыргызстандын жана Армениянын башчылары сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү — эмнелер макулдашылдыАлмаз Насыров: Өздүк технологиялары жок бай кен байлыктар — бул мүмкүнчүлүк эмес, тузакКыргызстандын соттору кагаз түрүндөгү чакыруулардын ордуна SMS-билдирүүлөргө өтөтЭксперт: Кыргызстан жер казынасынан жүз миллиарддаган сом киреше таба алат — бирок стратегиянын жоктугу тоскоол болуудаЧүй облусунун капчыгайында чет элдик жарандын сөөгү табылды – чоо-жайыСадыр Жапаров БА чөлкөмүнүн суу-энергетика тармагында жаңы механизмди сунуштады
Кыргызстандык альпинисттер Манаслу чокусун багындырды
01.10.2022 | 15:33
Кыргызстандын биринчи улуттук экспедициясы Гималайдагы бийиктиги 8 миң 156 метр болгон Манаслу чокусун багындырды. Бул тууралуу Seven Summit Treks компаниясынын инстаграмдагы баракчасында айтылат.
“Кыргызстандан чыккан биринчи команда Манаслу чокусуна бүгүн (1-октябрь) эртең менен саат 08:00до чыкты”, – деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, мындан мурдараак кыргызстандык альпинисттер Манаслу чокусун багындырууну көздөп жатканы кабарланган. Алар Манаслу чокусуна дүйнөдөгү эң чоң дастан болгон “Манас” эпосун жана Кыргызстандын туусун көтөрүп чыгышмак.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом