Пенсия көтөрүлдү. Пенсионерлер акчасын качан колго алат?

Пенсия көтөрүлдү. Пенсионерлер акчасын качан колго алат?

Бүгүн, 1-октябрдан тарта Кыргызстанда пенсия көтөрүлдү.

Белгилүү болгондой 1-октябрдан тарта пенсиянын базалык бөлүгү 1 миң 780 сомдун ордуна 3 миң 170 сомду түзүп калат, ал эми камсыздандыруу бөлүгү 15%га көтөрүлөт. Ошону менен Кыргызстанда орточо пенсия 8 миң 80 сомду түзөт.

Reporter.kg’нин кабарчысы Социалдык фондго кайрылып, «пенсионерлер көбөйтүлгөн пенсиясын качан колго алат?» деген суроо узатты.

«Мыйзам боюнча пенсия кийинки айда берилиши керек. Бирок биз бир ай эрте беребиз. Октябрдын пенсиясын октябрь айында эле алышат. Пенсиялар 10-октябрдан баштап бериле баштайт», — деп билдиришти Соцфонддон.

Белгилей кетсек, акыркы маалыматтар боюнча Кыргызстанда пенсионерлердин саны 735 миңге жакын.

Эскерте кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров Кыргызстанда ушул жылдын 1-октябрынан тарта пенсия көтөрүлөрүн 10-сентябрда фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>