Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан — Тажикстан коридору боюнча биринчи жүк ташуучу поезд жолго чыктыБишкек мэри ЦУМдун жанындагы курулушту буздурууну, ал эми Old Bishkek долбоорун токтотууну тапшырдыЕЭК антимонополдук көзөмөлгө жасалма интеллектти киргизүүнү пландаштыруудаБШК мурдагы спикер Нурланбек Тургунбек уулун депутаттык мандатынан ажыраттыОштун жаңы мэри Жанар Акаев жөнүндө эмнени билүү керек: Өмүр баяны жана чуулгандуу билдирүүлөрүИран аскердик машыгуулар үчүн Ормуз кысыгын убактылуу жапты
Бишкекте “Гелендваген” жеңил унааны сүздү
06.10.2022 | 22:21
Бишкектин А. Токомбаев менен Н. Жетикашкаева көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы болду. Бул тууралуу Reporter.kg’ге окуянын күбөлөрү билдиришти.
Алардын айтымында, “Гелендваген” унаасы катуу ылдамдыкта жол чырактын кызыл белгисине токтобой өтүп кетип, жеңил унааны сүзгөн. Жол кырсыгынан жабыркагандар болгон жок. Алдын ала маалымат боюнча, унааны жашы жете элек жаран башкарып бара жаткан.
“Биз жөө өтмөктөн өтүп бара жатканбыз. Эгер жеңил унаа болбогондо, ал бизди сүзүп кетмек”, – деп билдирди окуянын күбөсү.
Милициянын кайгуул кызматы жол кырсыгы тууралуу маалыматты тактап берерин билдирди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом