Чүй облусунда 450 млн сомдук тоок фабрикасы ишке киргизилдиОш шаарында шахмат боюнча сеньорлор арасында Азия чемпионаты өтөтКыргызстанда чет өлкөлүктөрдү жана жарандыгы жок адамдарды каттоонун эрежелери өзгөрдүКыргызстанда өнөр жай өндүрүшү 10,6 пайызга өстүБишкекте Элебесов жана Щербаков көчөлөрүнүн аймагында газ үч күнгө өчүрүлөтКыргызстандын экономикасы 2025-жылы 11,1 пайызга өстү
Мирлан Жээнчороев ант берип, Жогорку Кеңештин депутаты болду
22.04.2026 | 11:00
Жаңы депутат Мирлан Жээнчороев парламент жыйынында ант берип, расмий түрдө өз ыйгарым укуктарын аткарууга киришти.
Буга чейин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы аны №21 бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты катары каттаган.
Эске салсак, бул округ боюнча мандат Кубанычбек Конгантиев ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда тапшырып бергенден кийин бошогон.
Кийинки талапкер катары Чыңгыз Айдарбеков каралган. Бирок БШК ага мандатты узак убакыт бербей, Ички иштер министрлигинин текшерүүсүнө шилтеме кылган. Ага карата кылмыш иши козголуп, кийин Айдарбеков мандаттан өз ыктыяры менен баш тартканын билдирген.
Теги: Жогорку Кенеш