Талас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулуудаСадыр Жапаров менен UIM президенти Ысык-Көлдө F1H2O дүйнө кубогун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулаштыОш шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылды
Жогорку Кеңештин вице-спикери Улан Примов отставкага кетти
12.10.2022 | 11:03
Жогорку Кеңештин вице-спикери Улан Примов кызматтан кетти. Бул тууралуу ал бүгүн, 12-октябрда парламенттин жыйынында билдирди.
Буга чейин спикерликке “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын депутаты Нурланбек Шакиев шайланып, кийин “Мекенчил” тобуна өткөн.
«Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынан вице-спикерлер Улан Примов менен Жамиля Исаева, «Ишеним» фракциясынан вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев.
Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова («Ата-Журт») бүгүн жаңы вице-спикерди шайлоону сунуштады.
Депутат Исхак Масалиев («Бүтүн Кыргызстан») Улан Примовду баары мактап жатса, анда ал кызматтан кетпеши керектигин айтып, «Моралдык жоопкерчиликтен качпагыла, ката кетирген жоксуңар», – деди.
Парламенттин үч вице-спикерине дагы кызматтан кетүү сунушталды
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар