Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Парламенттин үч вице-спикерине дагы кызматтан кетүү сунушталды
05.10.2022 | 12:11
Жогорку Кеңештин 5-октябрдагы жыйынында депутат Руслан Жакышов үч вице-спикерге Талант Мамытов менен чогуу кызматтан кетүүнү сунуштады.
Ал төрага Талант Мамытовдун отставкага кетишине комментарий берип жатып, анын так жана таза иштегенин белгиледи.
«Бул анын каалоосу экен. Урматтуу төраганын орун басарлары, сиздер бир команда болуп келдиңиздер. Эми үчөө тең кызматтан кетсе жакшы болмок», – деп сунуштады ал.
ЖКнын вице-спикерлери болуп төмөнкүлөр саналат:
– Жамиля Исаева («Ата-Журт Кыргызстан»),
– Улан Примов («Ата-Журт Кыргызстан»),
– Нурбек Сыдыгалиев (Ишеним).
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар