Евразиялык интеграция: жетилгендик экзамени тапшырылды. Андан ары эмне болот?Тоо боорундагы эс алуу күндөрү: кышкы адреналин издеп Бишкектен кайда баруу керек?Кыргызстанда канаттуулардын саны жана жумуртка өндүрүү 40%га өскөнү катталдыШвейцариянын лыжа курортундагы өрттөн ондогон адам каза болдуТелевидение кыргызстандыктардын эс алуусунун негизги түрү бойдон калуудаАйыл чарба продукциясын чыгаруунун көлөмү 396 млрд сомдон ашты
Кыргызстандын мамлекеттик карызы канчага жеткени айтылды
12.10.2022 | 11:28
Быйылкы жылдын 31-августуна карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы (ички жана тышкы карыз) 5 млрд 219 млн долларды түздү (421 млрд 218 млн сом). Бул тууралуу маалымат жыйында финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттик карыздын 80%ы тышкы карыз, 20%ы ички карыз болуп саналат.
“Быйыл январь-сентябрь айларында мамлекеттик карызды төлөөгө 24 млрд 706 млн сом жумшалды. Анын ичинен тышкы карызга 16 млрд 292 млн сом жана ички карызга 8 млрд 400 млн сом сарпталды”, – деди ал.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом