Ысык-Көлдө «Климат-Тоолор-Жаштар» лагери өтүүдөКыргызстан менен Кытай саламаттык сактоо жаатында кызматташууну өнүктүрүүдөБишкекте пенсионерлер жана майыптыгы барлар үчүн алгачкы социалдык дүкөн ачылдыЖаңы окуу жылына 3,2 млн нуска окуу китеп даярдалдыКунарсыз жайыттарга калыбына келтирүү үчүн үрөн себилетКыргызстанда 1-класска 93 миңден ашык окуучу кабыл алынды
Казакстанда 14 жашар окуучу мектепке “бомба” койду
12.10.2022 | 20:14
Атырауда 14 жаштагы окуучу мектепке “мина” коюлду деп жалган маалымат таратканы аныкталды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты
«Мектептеги жардыруу тууралуу атайылап жалган маалымат берген адам аныкталды. Бул ошол эле мектептин 2008-жылы туулган окуучусу болуп чыкты. Ал ата-энеси менен бирге Атырау шаардык ички иштер бөлүмүнө чакырылган», – деп айтылат Казакстандын милициясынын маалыматында.
Бүгүн эртең менен Атырау шаарындагы №2 мектептин директору мектепке бомба коюлганы тууралуу саат 10.00дө түшкөн маалымат боюнча милицияга кабарлаган.
Милиция кызматкерлери мектептен 800дөй окуучуну жана 70 мугалимди эвакуациялаган.
Текшерүү учурунда эч кандай жардыргыч зат табылган эмес. Тергөө иштери башталды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар