Дастан Бекешев: Орунтаев менен мэр Бишкекти маскаралап бүтүштүЯндекс Кыргызстан экономикага кошкон салымы үчүн Экономика министрлигинин сыйлыгын алдыИИМ мектеп окуу китептерин сатуу боюнча кылмыш иши козголгонсун тастыктадыКыргызстан АКШдан 10 магистралдык жүк ташуучу локомотив сатып алатКараколдун мэри Иманов — Ширшовдун фондунун миллиарддары, туризм жана сындар тууралууЭрлист Акунбеков Пекиндеги форумда транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүнүн төрт багытын сунуштады
Астанада кыргыз-тажик чегиндеги маселелер талкууланат
12.10.2022 | 21:26
Астана шаарында 13-октябрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Россиянын президенти Владимир Путин жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу болот. Бул тууралуу өлкө башчынынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Анын айтканына караганда, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги көйгөйлүү маселелерди талкуулоо пландалууда.
Биргелешкен жолугушуу Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирген россиялык лидер Владимир Путиндин демилгеси менен уюштурулган.
Садыр Жапаров 12-октябрда Астанага иш сапары менен барган.
- Сапардын алкагында ал Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге мүчө мамлекеттердин VI саммитине, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына жана «Борбор Азия + Россия» Мамлекет башчыларынын саммитине катышат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат