Бишкек шаардык Патрулдук милиция кызматында жаңы жетекчилик дайындалдыӨКМ Чүй, Талас облустарынын айыл өкмөттөрүнө жана мэрияларына айып пул салдыБишкекте №1, №243 жана №226 автобустардын кыймыл жолу убактылуу өзгөртүлдүТүтүн, дөңгөлөк жана адреналин: «Ганси» автодромунда дрифт боюнча чемпионат өттүБишкекте жигиттер мушташып, аларды милиция кармадыКайыңды шаарындагы бала бакча жана маданият үйү мамлекетке кайтарылды — УКМК
Акылбек Жапаров Түркиянын вице-президенти менен жолугушту
13.10.2022 | 09:41
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Анкара шаарына (Түркия Республикасы) жумушчу сапарынын алкагында Түркия Республикасынын вице-президенти Фуат Октай менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Президенттик комплексте өткөн жолугушууда тараптар эки тараптуу, кызматташунун, анын ичинде экономика жана соода тармагындагы кызматташуунун абалын жана келечегин талкуулашты.
Тараптар эки мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн учурдагы өнөктөштүк механизмдерин мындан ары өнүктүрүү боюнча макулдашышты.
Жолугушууда ошондой эле түрк тилдүү маданияттын жалпы тарыхый символу болуп калган Изник шаарында (Түркия Республикасы) өткөн IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жыйынтыгы да талкууланды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат