Жалал-Абадда жалган ишкерлер кармалды

Жалал-Абадда жалган ишкерлер кармалды

Жалал-Абад шаарында жалган ишкерлик менен алектенген жарандар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, УКМКнын Жалал-Абад облусундагы башкы башкармалыгы тарабынан Жалал-Абад шаарынын тургундарына карата, Кылмыш-жаза кодексинин 220-беренесинин 2-бөлүмү (жалган ишкерлик) боюнча кылмыш иши козголгон.

Такталган маалымат боюнча, Жалал-Абад облусунун аймагында салык төлөөчү катары катталган субъектилердин ишмердүүлүгүн талдоо учурунда, болжолдуу түрдө товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү иш жүзүндө жеткирбестен эсеп-фактуралар жазылган шектүү иштер такталган.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө жалган фирмалардын иш жүзүндөгү жана жасалма жетекчилери кармалып, алардын мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталды.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында бул фирмаларга кандай кошумча салыктар алынганы туралуу салыктык текшерүүлөр дайындалды.

Тергөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>