АКШ Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугу үчүн $1,5 млн берүүдө

АКШ Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугу үчүн $1,5 млн берүүдө

АКШ Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугун колдоо үчүн $1,5 млн бөлүп берүүдө. Бул тууралуу АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча агенттигинен (USAID) билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган каражат Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы азык-түлүк сактоо жайларын жана логистикалык базаларды куруу аркылуу маанилүү айыл чарба продукцияларын сактоону жакшыртууга багытталат.

«Натыйжада, жаңы жумуш орундары түзүлүп, жашылча-жемиштерди сатуу үчүн жаңы рыноктор ачылары күтүлүүдө. Андан тышкары, бөлүнгөн жардам беш жашка чейинки балдардын жана жаш энелердин тамактануусун жакшыртуу үчүн багытталат», — деп айтылат маалыматта.

USAID’ден белгилешкендей, президент Жо Байден Германияда өткөн G7 лидерлеринин саммитинде АКШ өкмөтү дүйнө жүзү боюнча азык-түлүк коопсуздугу үчүн кошумча 2,76 млрд доллар убада кылдган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>