Ош шаарынын кооздугун даңазалагандар сыйланды — видео

Ош шаарынын кооздугун даңазалагандар сыйланды — видео

Ош шаарынын мэри 18-октябрда Алмаз Мамбетов калаанын кооз көрүнүшүн, өзгөчөлүктөрүн, жашоосун сүрөткө, видеого тартуу менен интернет тармагына жайылтуу аркылуу туризмдин өнүгүшүнө салым кошкондорду сыйлады.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, шаардын кооздугун даңазалаган жарандарга Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы жана бренди тапшырылды.

Мамбетов өз сөзүндө туризмдин өнүгүшүнө салым кошуп жаткандарга ыраазычылыгын билдирди.

“Иш-чараны Ош шаарынын күнүнө карата пландаганбыз. Бирок ошол учурдагы окуяларга байланыштуу өз учурунда ишке ашпай калды. Азыр баары интернет аркылуу маалымат алат. Андыктан сиздер тарткан сүрөт, видеолор, бөлүшкөн маалыматтар ички туризмдин өнүгүшүнө да салым кошууда. Мындан ары да ушул темпте, чыгармачылык аркылуу шаардын өнүгүүсүнө көмөктөшө бериңиздер”, — деп белгиледи мэр.

Аны менен катар чогулган блогер, журналист, алып баруучу жана оператор тармагында иштегендер шаар тургундарына жана конокторуна шарт түзүү багытында өздөрүнүн сунуштарын айтышты.

Ардак грамота менен сыйлангандар:

  1. Азамат Алымкулов
    2. Белек Мусаев
    3. Актилек Акылбек уулу
    4. Исхак Туратбеков
    5. Канат Шарипбеков
    6. Кутман Бостонов
    7. Сахира Назарова
    8. Алмаз Исманов
    9. Рашит Максытов
    10. Аккоша Термичиков
    11. Дастан Үмөтбай уулу
    12. Назгүл Эмилбекова
    13. Бекмамат Айдаркулов
    14. Алексей Осокин.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: Ош шаары

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>