Ысык-Атада окуучуларга 7 жана 14 сомго кандай тамактар берилет?

Ысык-Атада окуучуларга 7 жана 14 сомго кандай тамактар берилет?

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитети Ысык-Ата районунда мектеп окуучуларынын тамактануусу боюнча атайын иш сапар уюштурду, деп билдирет парламенттин басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, Ысык-Ата районундагы Киров орто мектебинде 1-4-класстын окуучуларына болгону бир таттуу токоч, бир чыны чай берилет. Бюджеттен ар бир окуучуга каралган акча 7 сомду түзөт. Бирок, бир катар башка мектептерде ысык тамак каралган. Анткени алар Мерсико же Бүткүл дүйнөлүк Азык-түлүк программасынын долбооруна киргендер.

Ысык-Ата районундагы 47 мектептин 42сине ысык тамак берилет.  Эгерде калган 5 мектептин ашканасы менен балдар тамактана турган жайын талапка ылайык оңдоп-түзөп бере турган болсо жогоруда аты аталган эл аралык уюмдар өз камкордугуна ала турганын белгилешти. Киров орто мектебин Мерсико уюму колдогонго даяр. Алар бардык ашкана жабдуулары менен камсыз кылгандан тышкары 2 жыл бою күнүмдүк керек болуучу негизги азыктар менен камсыз кылып турушат экен.

Ал эми Кант шаарындагы №1 мектеп-гимназияда балдарга ысык тамак, салат, чай же компот берилет. Нанды өздөрү ушул жерден бышырып, балдар тамак ичээр маалга даяр кылып турушат. Жабдуулары жаңы. Нан, тамак бышырган жана башка ашканага керек болчу жабдуулар менен толук камсыз болгон. Ага жараша балдарга берилген тамактын сапаты да жаман эмес. Окуучулар ата-энелердин жардамы менен 14 сомдун тамагын ичишет. Жабдуулары менен азык-түлүктүн 6 түрүн Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы долбоору камсыздап берген.

Андан тышкары, Кеңеш айылындагы мектеп дагы Мерсико уюмунун камкордугуна алынган. Окуучуларга ысык тамак берилет. Жабдуулары жаңы. Муздаткыч жана ашканага керектүү жабдуулар коюлган.

Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакуновдун айтымында, республика боюнча 1735 мектепте же мектептердин жалпы санынын 75%ында окуучуларды тамактандыруу уюштурулган. 638 мектепти Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын долбоору, 510 мектепти Мерсико уюму колдоого алган. Дагы 114 мектепти Мерсико, 49 мектепти Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы өз камкордугуна ала турган болгон.

Жогорку Кеңештин депутаттары менен өткөн баарлашууда балдардын тамагы үчүн деп бөлүнгөн 7 сом өтө аздык кылып жатканы белгиленип, аны көбөйтүп берүү жагы сунушталды. Ошону менен бирге эле эл өкүлдөрү мектептердин алдында атайын чарбак уюштуруу жана аны эмгек сабагы менен айкалыштырып өздөрүнө керектүү тамак-аш азыктарын  өндүрүү маселесин көтөрүштү.

Аталган комитет уюштурган бул сапарга депутаттар Винера Раимбачаева, Камила Талиева, Айбек Маткеримов, Динара Ашимова катышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>