12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөтАйтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулат
Кыргызстандын 7 миллионунчу жаранына 1 млн сом берилет
19.10.2022 | 15:32
Кыргызстанда бүгүн, 19-октябрда төрөлгөн 7 миллионунчу жаранга депозиттик эсеп ачылып, 1 млн сом которулат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, наристе ал акчаны жашы жеткенде өз муктаждыктарына колдоно алат.
Эскерте кетсек, Кыргызстандын 7 миллионунчу жараны Баткендин Кызыл-Кыя шаарында 19-октябрда түнкү саат 2:10до жарык дүйнөгө келген. Ал фермер Валижан Абдурасуловдун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Апасы – Айжаркын Сыраждинова, 1982-жылы туулган. Бул анын төртүнчү баласы. Ымыркайдын салмагы 3,9 кг, бою 54 см.
Президент Садыр Жапаров наристенин ата-энесин телефон аркылуу куттуктап, балага Жакшылык деген ат койгон.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом