Баткен: Тажикстандын агрессиясы келтирген зыяндын суммасы айтылды

Баткен: Тажикстандын агрессиясы келтирген зыяндын суммасы айтылды

Тажикстандын аскердик агрессиясынын натыйжасында келтирилген материалдык чыгым 3 миллиард 130 миллион сомду (37,7 миллион доллар) түздү. Бул алдын ала маалыматтар, деп билдирди министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров 19-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында.

Анын айтымында, өкмөт керектүү нерселерди: курал-жарак, дары-дармек, бензин, тамак-аш менен камсыз кылган.

«Биз алдын ала даяр болчубуз. 136 миңден ашуун адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болду.  Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ар бир айылга бензин, унааларды даярдап койгону чоң жардам берди. Мындан тышкары, бул үчүн аларга рахмат, каттамдар тез-тез болуп калды. Элден келген гуманитардык жардам да чоң жардам болду. Матрезерв фондунун гуманитардык жардамдары пайдаланылды. Жергиликтүү бийлик да жардам берди», — деди Акылбек Жапаров.

Жапаров жоготуулар жана кыйроолор боюнча маалыматтарды берди:

— 63 адам каза болгон,

— жол кырсыгынан 12 адам каза болгон,

— 206 адам жаракат алган,

— 661 үй жабыркаган,

— 11 стратегиялык объектилер жабыркаган,

— 27 социалдык объект, 335 бастырма талкаланган,

— 197 жашоону камсыз кылуучу объектилер жабыркаган,

— 61 унаа жабыркаган,

— 1 көпүрө жардырылган.

«Биз кандай тыянак чыгара алабыз? Баткенде куралдуу күчтөрдү бекемдешибиз керек. Жергиликтүү калктын өзүн-өзү коргоо моделин өзгөртүү, мектептерде аскерге чейинки даярдоону киргизүү зарыл. Алгачкы аскердик окуу кабинеттерин жоюу эң чоң катачылыктардын бири, биз бул катаны оңдойбуз», — деди Акылбек Жапаров.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>