Баткен: Кышка чейин үйлөр курулуп бүтөбү?, — депутат

Баткен: Кышка чейин үйлөр курулуп бүтөбү?, — депутат

Бүгүн, 19-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанарбек Акаев Тажикстандын аскердик агрессиясынан улам талкаланган үйлөрдүн ордуна жаңылары качан курулуп бүтөрүнө кызыкты.

“Баткенде жүздөгөн үйлөр кышка чейин курулуп бүтүшү керек. Ошон үчүн барыбыз жардам берсек.  Ноябрь болуп калды. Кыш түшкөнгө чейин Баткендеги жарандар үйлүү болобу? Куруп бүткөнгө үлгүрөбүзбү?”, — деп сурады депутат министрлер кабинетинин төрагасынан.

Акылбек Жапаров өкмөт тарабынан болгон шарттар түзүлгөнүн айтты.

“Курулушчулар жаңы жылга чейин бүтүргөнгө аракет кылабыз деп жатышат. Эгерде сэндвич панель менен курсак, анда эки айда үйлөрдү куруп, жарандарды үйлөрүнө киргизип коймокпуз. Бирок, жергиликтүүлөр пайдубалын куруп, кирпич менен салып, чатырын жаап бергиле деп суранышты. Азыр талкаланган үйлөр толугу менен тазаланып, ордунда курулуш иштери жүрүп жатат. Курулушчулар эки-үч смен менен иштеп жатышат. Кышка чейин элди үйлөрүнө киргизгенге аракет кылабыз”, — деди Жапаров.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>