Садыр Жапаров Европа Кеңешинин президенти менен жолугушту

Садыр Жапаров Европа Кеңешинин президенти менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-октябрда Астана шаарында Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстан менен Европа Биримдиги (ЕБ) өлкөлөрүнүн ортосундагы саясый, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну бекемдөөнүн актуалдуу багыттары менен чаралары талкууланды. Ошондой эле тараптар күн тартибинде турган глобалдуу маселелердин кеңири чөйрөсү, анын ичинде аймактык коопсуздук маселеси боюнча пикир алышты.

Президент эки тараптуу мамилелерди мындан ары дагы чыңдоо зарылдыгын, ЕБ институттарына иш сапарлардын жана Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык боюнча келишимге кол коюунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Баарлашуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров соода-экономикалык байланыштарды жандандыруунун жана кыргыз товарларын Европа рыногуна экспорттоону жылдыруунун актуалдуулугун эске алуу менен Кыргызстанга Преференциялардын жалпы системасы+ (ПЖС+) макамын узартуу маселесин козгоду.

Өз кезегинде Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель ЕБ Борбор Азия менен кызматташууну эң маанилүү багыттардын бири катары карай турганын баса белгиледи. ЕБ бул чөлкөм менен, атап айтканда Кыргызстан менен экономикалык байланыштарды чыңдоого багытталган кызматташтыкты жакшыртууга жана жандандырууга даяр.

Ал ошондой эле даярдалып жаткан Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосунда Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык келишимине кол коюуну канааттануу менен белгилеп, өз ара кызматташуу үчүн Кыргызстанга конкреттүү долбоорлорду сунуштоого даяр экенин айтты.

Тараптар кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары боюнча Кыргызстан менен ЕБдин ортосундагы өз ара алака-катышты мындан ары тереңдетүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: президент

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>