Милиция ЖК депутаты мурдагы аялын сабап келгени айтылган билдирүү боюнча маалымат бердиАла-Букада жаш үй-бүлө иске ууланып каза таптыКыргызстан Нипах вирусунун коркунучунан улам өткөрүү пункттарында санитардык көзөмөлдү күчөттүЖогорку Кеңештин депутатынын мурдагы аялы зомбулук көрүп келгенин билдирүүдөБишкектеги имараттарды бирдиктүү дизайн-кодго келтирүү үчүн документтердин жана талаптардын тизмесин сунушталдыНАТО Гренландиянын карама-каршылыктарынын астында кыйроого учуроодо
Казакстан бийлиги январь окуясынынын катышуучуларына мунапыс берди
02.11.2022 | 21:00
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев январь окуясынын катышуучуларына мунапыс бергенин Акорданын басма сөз кызматы билдирди.
«Мамлекет башчысы Казакстан Республикасынын «Мунапыс жөнүндө» мыйзамына кол койду», — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 1,5 миңдей адам амнистияга кабылган.
Казакстанда суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынчтык митингдери алгач 2-январда башталып, кийин өлкөнүн башка аймактарына жайылган. Ал башаламандык талап-тоноо менен коштолду.
Тополоңдо каза болгондордун саны расмий эсеби 227ге жетти. 10 миңдей адам кармалып, 700дөй кылмыш иши козголгону кабарланды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар