ЖИ доорундагы котормочулардын келечеги: КРСУнун бүтүрүүчүсүнүн көз карашыКОСУнун студенти «Жайкы университет – 2026» долбоорунун байге ээлеринин катарына кирдиКыргызстанда никеге туруу арызын эми «Түндүк» тиркемеси аркылуу берсе болотКыргызстанда инсулин тартышпы? Саламаттык сактоо министрлигинин жообуБишкекте Элебесов, Безымянная, Кожевенная жана Киргизская көчөлөрү реконструкцияланатЭль-Ниньо Борбор Азияга жетти: жаан-чачындын көбөйүшү, аптап жана сел коркунучу
Айдоочулардын эсине! “Арал” постуна чектөө кирди
02.11.2022 | 20:13
Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Бишкек — Ош унаа жолунда кар жаап, жол тайгак болгондугуна байланыштуу кырсыктарды алдын алуу жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында бүгүн, 2-ноябрда саат 18:00дөн тартып “Арал” постунда күйүүчү май ташуучу жана прицеби бар оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
“Урматтуу айдоочулар, алыскы жолго чыгууда дөңгөлөк чынжырчасын, күрөк жана ысык суу, гүлазык, дары-дармек кутучасы менен камсыз болуңуздар! Кырсык катталган учурда “112” кызматына кайрылууну унутпаңыздар!“-деп кайрылды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар