Умра-2022: Тажрыйбалуу умра башчылары жетектейт

Умра-2022: Тажрыйбалуу умра башчылары жетектейт

Бүгүн, 2-ноябрда умра ибадат сапарын уюштуруу штабынын алгачкы жыйыны өтүп, анда Сауд Араб Падышачылыгына барып, умра ибадатын аткаруудагы тартиптер каралды.  Бул тууралуу Муфтияттан билдирди.

Маалыматка караганда, муну менен катар жыйында умра ибадатын аткаруу үчүн жөнөп жаткан жарандардын коопсуздугу, Медина жана ыйык Мекке шаарындагы мейманканалардагы шарттар, автобустардын каттамдары, зыярат маселеси каралды.

Штаб жетекчиси Самидин кары Атабаев ыйык жайга жөнөп жаткан жарандар турист катары эмес, ибадат жолуна чыгып жаткандыгын түшүндүрүү менен Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын түзүмүндөгү тажрыйбалуу умра башчылар бара тургандыгын билдирди.

Ал эми штаб мүчөлөрү башка умра сапарын уюштуруп жаткан туристтик фирмалар менен кызматташууга жана алардын сунуштарын угууга даяр экендигин билдиришип, эң негизгиси жарандардын ибадаттары туура аткарылышы шарияттын талабы экендигин белгилешти.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Тэги: ажылык 2022

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>