Салык кызматы маркетплейстерде соода жүргүзүү үчүн электрондук эсеп-фактуралардын атайын форматын киргиздиБишкекте Ысык-Көл борбор катары көрсөтүлгөн орто кылымдагы карта орнотулатКүн ачык болот: 22-февралдын аба ырайыСадыр Жапаров Тергөө комитетин түзүүнү жарыялап, УКМКга экономикага кийлигишүүгө тыюу салдыШвейцария Кыргызстандагы баштапкы медициналык-санитардык жардам реформаларын колдоону улантатАйыл чарбасына жасалма интеллектти киргизүү ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн алдыга озуп чыгуусун камсыздайт
Кыргызстанда орточо айлык 25 миң сомду түздү
11.11.2022 | 23:55
Быйыл тогуз айда орточо айлык акы 25 миң 27 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов маалымат жыйынында билдирди.
Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 27,9%га өстү.
Кошумчалай кетсек, эмгек акынын өсүшү эң көп искусство, саламаттыкты сактоо, социалдык тейлөө, коргоо, билим берүү, мамлекеттик башкаруу жана милдеттүү социалдык камсыздоо тармактарында байкалган. Ошондой эле, тоо-кен, транспорт ишмердүүлүгү, жүктөрдү сактоо, дүң жана чекене соода, автоунааларды оңдоо тармагында иштегендердин да эмгек акысы көтөрүлгөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика