Чүйдө жаңы комплекс курулат

Чүйдө жаңы комплекс курулат

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Васильевка айылында «Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы» коомдук бирикмесинин каржылоосу менен жаңы комплекс курулат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Аталган комплекс өзүнө мектеп, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын, дүкөн, мечит жана имам үйүн камтыйт.

Кечээ, 11-ноябрда президенттин Чүй облусундагы өкүлү Нурил Алымбаевдин жана аталган коомдук бирикменин мүдүрү Мади Махамед Абделлатиф Ахмеддин катышуусунда комплекстин курамына кирген 240 орундуу мектептин пайдубалына капсула салуу аземи болуп өттү.

Комплексти курууга 53,5 млн сом кетери пландалууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>