Бишкекте Пакистандын жаранын өз үйүндө тоноп кеткендер кармалды

Бишкекте Пакистандын жаранын өз үйүндө тоноп кеткендер кармалды

Октябрь РИИБнин ыкчам кызматкерлери тарабынан чет элдик жаранга кол салууга шектелген жарандарды кармады. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 14-ноябрда Пакистандын жараны С.М. милицияга арыз менен кайрылган. Анда ал ошол күнү саат 00:30дар чамасында Каменная проспектисинде жайгашкан жеке үйлөрдүн бирине белгисиз адамдар куралдар менен кирип, физикалык күч колдонуу менен 3 миң долларын, «Dell» үлгүсүндөгү ноутбук жана 14 миң сомдук «Редми10» уюлдук телефонун тартып алышканын айтып,  аларга чара көрүүнү өтүнгөн.

Аталган факты Октябрь РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин (каракчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Октябрь РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү делген жарандардын изине түшүп, алардын жүргөн жери аныкталган. 16-ноябрда жарандар — 1998-жылы туулган И.А, 1997-жылы туулган К.А., 2005-жылы туулган Р.М., жана 2005-жылы туулган Т.Д., кармалган.

Алар тергөө кызматына жеткирилип, Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, кылмышка шектүүлөр Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, Р.М., Т.Д. жашы жете электигине байланыштуу алар келүүгө убада менен бошотулган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүүлөрдөн арыз ээсине таандык курал-жарактар, жез муундар жана Dell үлгүсүндөгү ноутбук табылып, алынган. Бардык керектүү экспертизалар дайындалган.

Учурда алардын башка кылмыштарды жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда. Учурда тергөө иштери уланууда.

Көңүл бургула! Кол салуучулардын кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен жана кандайдыр бир маалыматы бар жарандар 0 (553) 79-99-99 же 102 телефондору аркылуу байланышса болот.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>