«Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө» мыйзамга кол коюлду

«Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө» мыйзамга кол коюлду

Президент Садыр Жапаров «Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө» мыйзамынын макулдашылган редакциясына кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жогорку Кеңешинин регламенти парламент тарабынан Конституцияда жана өлкөнүн мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруунун тартибин жана процедурасын аныктайт.

Буга чейин «Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө» мыйзам президенттин каршы пикири менен кайтарылган.

Жогорку Кеңештин 2022-жылдын 8-сентябрындагы № 463-VII токтому менен Жогорку Кеңеш тарабынан 2022-жылдын 30-июнунда кабыл алынып жана 2022-жылдын 19-августунда президенттин каршы пикири менен артка кайтарылган «Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө» мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу боюнча курамында 9 мүчөсү менен макулдашуу тобу түзүлгөн (Жогорку Кеңештин депутаттары, юстиция министри, президенттин администрациясынын жана Жогорку соттун өкүлдөрү).

2022-жылдын 20-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан «Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө» мыйзамынын макулдашылган варианты кабыл алынды.

Жогорку Кеңешинин регламенти

Жогорку Кеңешинин регламенти (1)

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>