Кемин районунда ак илбирс байкалды: жырткыч дарактан аман-эсен түшүрүлдүКемин районунда ак илбирс байкалдыКыргызстанда «Эң таза шаар» жана «Эң таза айыл аймагы» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталдыКыргызстанда 2026-жылдын түшүмү үчүн күздүк эгиндерди себүү аяктадыСаламаттык сактоо министрлиги балдарды дарылоодогу системалуу жардамы үчүн фонддорго жана бизнеске ыраазычылык билдирдиРоссияда нацисттердин колунан жабыркаган совет элинин геноцид курмандыктарын эскерүү күнү бекитилди
Кыргызстандыктар насыяны көбүнчө кандай максатта алышат?
21.11.2022 | 12:00
Берилген насыялардын негизги көлөмү соодага жана унааларды оңдоого туура келет. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.
Алсак, тогуз айда комбанктар дүң жана чекене соодага, ошондой эле автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоого 53 миллиард 534,5 миллион сом беришкен.
Ошондой эле айыл, токой жана балык чарбаларына олуттуу суммада жалпысынан 35 миллиард 437,5 миллион сом берилген.
Белгилеп кетсек, үч кварталда берилген насыялардын жалпы көлөмү 194 миллиард 509,8 миллион сомду түзөт.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз