Камактагы Илгиз Шаменов коркутуулар болуп жатканын айтты

Камактагы Илгиз Шаменов коркутуулар болуп жатканын айтты

Камактагы активист, ишкер Илгиз Шаменов тергөө абагынан кат жазып, ал «Фейсуктагы» баракчасына жарыяланды.

Шаменов өзүнө ачылган кылмыш ишин негизсиз деп атап, саясий куугунтук болуп жатканын билдирди.

«Урматтуу мекендештерим, достор, өзүңүздөр көргөндөй негизсиз, далилсиз жасалма токулган кылмыш иши козголуп, саясий куугунтук болуп эл-жер деп түрмөдө отурам. Менин кармалгандыгымдын эң негизги себеби Жетим-Тоого байланыштуу деп ойлойм, себеби Кемпир-Абаддан кийинки кезекте Жетим-Тоо турат…

Урматтуу мекендештерим, массалык маалымат каражаттары, Жогорку Кеңештин депутаттары, эл аралык уюмдар, Кыйноолорду алдын алуу борбору, Акыйкатчы мен негизсиз түрмөдө отурганым аз келгенсип, мага карата айрым тергөө абагынын кызматкерлери аркылуу кысым болуп жатат, негизсиз текшерүүлөр, кылган мамилелери, коркутуулар болуп жатат. Бул боюнча тергөө абагынын жетекчилерине бир нече ирет кайрылдым, жыйынтык жок. Ошондой эле, мен жаткан камерага өз апасына 90 жолу бычак сайып өлтүрүүгө шектелип кармалган, психологиялык жактан дагы жабыр тарткан адамды кошуп коюшту. Эмне максатта мындай кылып жатышат, билбейм?! Ошол себептен коомчулукка кайрылып жатам», — деп жазган ал.

Эскерте кетсек, Илгиз Шаменов Москвада 27-октябрда кармалып, 28-октябрда Кыргызстанга алынып келген. Ал «массалык башаламандыктарды уюштурууга даярданууга» шектелип кармалган.

Эскерте кетсек, 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынган. 

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>