КРда каржы пирамидаларын жарнамалаганы үчүн блогерлерге айып пул салуу сунушталуудаЖаан-чачын күтүлбөйт: 17-ноябрга карата аба ырайынын божомолуМүлктү камакка алуу, карыз алуучуну коргоо жана айып пул: КРда мыйзам долбоору даярдалдыЫсык-Көл менен Соң-Көлдө өндүрмөлүк балык уулоого үч жылдык мораторий киргизилдиМинистрлер кабинети ак кантты, анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнөн ташып келүүгө алты айга тыюу салдыБийлик маселени талкуулап жаткан чакта, Таш-Мойноктун балдары мектепке 2 км жөө каттоодо
Кыргызстандыктар насыяны көбүнчө кандай максатта алышат?
21.11.2022 | 12:00
Берилген насыялардын негизги көлөмү соодага жана унааларды оңдоого туура келет. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.
Алсак, тогуз айда комбанктар дүң жана чекене соодага, ошондой эле автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоого 53 миллиард 534,5 миллион сом беришкен.
Ошондой эле айыл, токой жана балык чарбаларына олуттуу суммада жалпысынан 35 миллиард 437,5 миллион сом берилген.
Белгилеп кетсек, үч кварталда берилген насыялардын жалпы көлөмү 194 миллиард 509,8 миллион сомду түзөт.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз