Бишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза таптыСадыр Жапаров «Дастан» заводунда дрондорду өндүрүүнү ишке киргизүүнү тапшырдыКазакстанда Борбордук Азиядагы эң ири шамал электр станциясынын курулушу башталдыБишкек мэриясы шаарга 625 кичи автобус сатып алууну көздөөдөКытай менен чек арадагы өткөрүү пункттары 4-апрелден тарта ишин убактылуу токтототБишкекте «Жеңиш 9/45» кыймылынын эгидасы астында «Кинопанорама» кинофоруму башталды
Ишкер аялдарды колдоого бюджеттен каражат бөлүү пландалууда
22.11.2022 | 13:07
Өлкөдө аялдардын ишкердигин колдоо үчүн республикалык бюджеттен каражат бөлүү пландалууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде Аялдардын ишкердигинин декадасынын жыйынтыгы боюнча өткөн маалымат жыйынында Экономика министрлигинин ишкердик чөйрө саясаты бөлүмүнүн башчысы Муса Катаганов билдирди.
Анын маалыматына караганда, Кыргызстанда 2026-жылга чейин улуттук өнүктүрүү стратегиясынын алкагында аялдар ишкердигин өнүктүрүү боюнча тапшырмалар коюлган.
“Анын алкагында аялдардын ишкердигин колдоо үчүн каражаттарды бюджетке киргизүү пландаштырылууда. Ошентип, бүгүнкү күндө бул маселе тиешелүү органдарда каралып жатат”, – деди ал.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика