Жалал-Абадда Азия чемпионатында коло уткан милиционерди тосуп алышты

Жалал-Абадда Азия чемпионатында коло уткан милиционерди тосуп алышты

Бүгүн, 22-ноябрда Жалал-Абад шаарынын кире беришинде кол урушу (рукопашный бой) боюнча Азия чемпионатында 100 кг салмактан жогору салмакта 3-орунду ээлеген ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын кызматкери милициянын старшинасы Бектур Идирисовду тосуп алуу иш-чарасы өттү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мамасалы Акматов, Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри Нурбек Сатаров, Жалал-Абад ОИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын начальниги Алмазбек Жусупов, ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын командири Равшанбек Кожобеков жана өздүк курамы катышышты. Анда спортчунун ийгилиги облусубуздун сыймыгы экендиги белгиленип, мындан ары да көптөгөн байгелерди алып келүү тилектери айтылды.

Кол урушу (рукопашный бой) боюнча Азия чемпионаты 9-13-ноябрь күндөрү Орусиянын Казань шаарында болуп өткөн. Ага 10дон ашуун өлкөнүн спортчулары катышкан.

Белгилей кетсек Бектур Идирисов буга чейин 2019-жылы күжүрмөн самбо боюнча Азия чемпиону болгон. Ошондой эле күжүрмөн самбо боюнча дүйнө биринчилигинин күмүш жана коло, Азия биринчилигинин коло байгесинини ээси.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>