Садыр Жапаров Бишкектеги футболдук мелдешке катышат
Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда 14-15-декабрда футбол боюнча “Мурас” достук мелдеши өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол бирикмесинен билдиришти.
“Газпром” спорт комплексинде (“Арча-Бешик”) жана Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүүчү спорттук иш-чарага 16 команда катышат.
“Турнирдин жобосуна ылайык, командалар 4 тайпага 4 командадан бөлүнөт. Алар тайпалык баскычта бир тур ойноп, андан соң финалдык этап болот. Турнирдин максаты – сергек жашоо образын жайылтуу, өлкөдө футзалды популяризациялоо жана коомдун түрдүү катмарынын өкүлдөрүнүн ортосунда достук жана расмий эмес мамилелерди өнүктүрүү”, – деп айтылат маалыматта.
Турнирге төмөнкү комндалар катышат:
- Президенттин командасы
- Маданият өкүлдөрү – “Өнөр”
- Белгилүү ишкерлер – “Бизнес”
- Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү – “Журналисттер”
- Футбол ардагерлери – “Алга”
- Спорт федерацияларынын жетекчилери – “Спорттук федерациялар”
- Жогорку Кеңештин депутаттары – “Жогорку Кеңеш”
- Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаарлардын мэрлери, райондордун акимдери – “Аймактар”
- Дин өкүлдөрү – “Ыйман”
- Кыргызстандагы чет мамлекеттердин элчилери – “Элчилер”
- Ооруканалардын башкы дарыгерлери – “Ден соолук”
- Окуу жайлардын директорлору, ЖОЖдордун ректорлору – “Билим”
- Сот бийлигинин өкүлдөрү – “Фемида”
- Күч түзүмдөрүнүн жетекчилери – “Коопсуздук”
- Белгилүү спортчулар – “Спорт жылдыздары”
- Кыргыз Республикасынын элдеринин ассамблеясы, диаспора лидерлери – “Достук”
Иш-чара Кыргыз футболдук союзунун жана КР президентинин администрациясынын демилгеси менен уюштурулган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз