Бишкекте мурда соттолгон жарандан баңгизат табылды

Бишкекте мурда соттолгон жарандан баңгизат табылды

Бишкекте мурда соттолгон жарандан баңгизат табылды. Бул туурлуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Бишкек шаары боюнча Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн  кызматкерлеринин көңүл чордонуна  мурда соттолгон адам түшүп, ал боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлө баштаган.

Эркинен ажыратылган жайда жазасын өтөөдөн пробациялык көзөмөл чараларын колдонуу менен бошотулган жарандар, анын ичинде  соттун чечими менен үй камагына алуу бөгөт чарасы колдонулгандар баңги кылмышына тиешеси бар деген ыкчам маалыматтар болгон.

Ушул жылдын ноябрь айынын ортосунда милиция кызматкерлери Бишкек шаарынын 6-кичирайонунда  түнүчүндө азият түспөлүндөгү, болжол менен 25-30 жаштардагы 2 жаранды кармашкан.

Кармалган жарандардын бирине өздүк кароо жүргүзүү учурунда андан өзгөчө жыты бар аз өлчөмдөгү баңгизат болжол менен  гашиш табылган. Кармалган жаран 1993-жылы туулган А.уулу Н. тергөө органына жеткирилген. Ал мурда бир нече жолу соттолгон.

Учурда пробация органдарында жазасын өтөп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: баңгизат

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>