Кытайдын тышкы иштер министри Кыргызстанга келетКыргызстан АКШдан келген автоунааларды көбүрөөк алып жатат, бирок аларга азыраак каражат сарптоодоИшкердикке жеңилдик: уруксат документтери эки эсеге кыскартылатМосквада ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңеши чогулдуПатенттер үчүн салык системасы жөнөкөйлөштү: эмне өзгөрдүС 2026-жылдан тартып Кыргызстандагы соттор санариптик тартипте иштей баштайт
Сокулуктагы унаа базарда жаранды 650 миң сомго алдап кетишти
04.12.2022 | 09:25
Сокулук районунда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 13-сентябрда Сокулук районунун ички иштер башкармалыгына жаран арыз менен кайрылган. Анда ал 2022-жылдын февраль айында Военно-Антоновка айылындагы унаа базарынан бир адам андан 650 миң сомго “Мерседес-Бенц 814” үлгүсүндөгү унаа сатып алганын билдирген. Бирок сатып алуучу унаанын акчасын бербей, унаанын өзүн башка адамдарга сатып жиберген.
Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон. 2-декабрда кылмышка шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө иштери уланууда.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом