Борбордук Азиядагы жер көчкүлөрдүн зыяны 3,59 млрд долларга жетиши мүмкүн — ЕАӨБАкчаңызды алдамчылар уурдап кеткиче, бул постту ата-энеңизге жөнөтүңүзРеволюциялардын өлкөсүнөн эволюциянын өлкөсүнө карай: Султан Раев Кыргызстандын келечеги тууралууЧолпон-Атада ат үстүндөгү спорттук туризм боюнча дүйнө чемпионаты өтөтЧүйдүн Шопоков шаарында 7,7 млн долларга сүттү кайра иштетүүчү завод курулатКыргызстандан Маскат шаары аркылуу Сауд Арабиясына авиакаттамдар ачылды
Ноокатта мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам көрсөтүлдү
03.12.2022 | 20:30
Ноокат районунда милиция кызматкерлери мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 3-декабрь күнү Ноокат шаарынын мэриясы менен Ноокат шаардык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери майыптар күнүнө карата Ноокат шаарындагы мүмкүнчүлүгү чектелген 40 жаранга материалдык жардам көрсөтүштү. Мындан тышкары мүмкүнчүлүгү чектелген өспүрүмдөр үчүн көңүл ачуучу иш-чара уюштурулду.
Мындай иш-чара башка райондордо да өткөрүлдү.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом