Кыргызстанга Армениянын премьер-министри Никол Пашинян келди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
«Манас» эл аралык аэропортунда премьер-министр Никол Пашинянды министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.
Никол Пашинян Бишкек шаарында Кыргызстандын төрагалыгы астында өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн келген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз