Мөндүр, кургакчылык: Быйыл кант кызылчасынын түшүмү кыйла азАэропортко каттаган экспресс-маршрут эми түнкүсүн да жүрөт«Кыргыз темир жолу» кирешесинин жарымы Макмал темир жолунун курулушуна жумшалатПарламентке шайлоо. Россиянын 31 шаарында тилке ачылат. Элчилик уюштуруу маселелерин карадыСвердлов районунда администрация жана милиция түндө көчөдө жүргөн өспүрүмдөрдү текшердиБишкек жана Чүйдө газдаштыруу: 66 субъекке жеңилдетилген насыя берилди
Баткенде мыйзамсыз ташылып келген эки унаа кармалды
09.12.2022 | 16:00
УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан контрабандага каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө мамлекеттик номуру жана документтери жок «Лексус GX 470» жана «Опел-Астра» үлгүсүндөгү автоунаалар кармалды.
УКМК маалымдагандай, «Lexus GX 470» жана «Opel Astra» үлгүсүндөгү унаалардын айдоочуларынын көрсөтмөлөрүнө ылайык, унаалар коңшу мамлекеттин жарандарынан акча карызына байланыштуу алынган.
Бул фактылар автотранспорттук контрабандага шектелип, Автоматташтырылган маалымат системаларынын маалымат журналына катталды. Учурда материалдарды кароо уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом