Депутат: Коррупционерлердин колун кесип, атууга бериш керек — видео

Депутат: Коррупционерлердин колун кесип, атууга бериш керек — видео

Кыргызстанда коррупционерлердин колун кесип, атууга бериш керек. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда Жогорку Кеңеште, «Бишкек шаарында тиричилик калдыктарын башкаруу системасын жакшыртуу» долбоору боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйынында депутат Тазабек Икрамов билдирди.

Жыйында Иркамов аталган долбоор үчүн алынган каражаттын бир бөлүгү жоголгонун, ал үчүн эч ким жоопкерчиликке тартылбаганын билдирди.

«Кыргызстандын ички жана тышкы карызы күндөн күнгө көбөйүп бара жатат. Мамлекетти кантип алдыга жылдырабыз, кантип казынаны толтурабыз дегенде, мен, казынанын тешигин жабыш керек дегем. Казынанын тешиги күндөн күнгө чоңоюп бара жатат. Мамлекеттик жумушка келгендердин баары коррупционер болуп алды. Алтынчы чакырылышта, коррупционерлер, алардын балдары мамлекеттик жумушка келбесин деген мыйзамды алып чыккам. Бирок колдоо таппай калган», — деди депутат.

Сөзүн улай ал коррупционерлерди катуу жазалоо керектигин айтты.

«Бүгүнкү күндүн абалы кандай. Бирөөсү жооп берген жок. Сотко барат, «жеген» акчасынан берип, чыгып кетет. Келген акчаны «жеп» коет, элдин эсебинен төлөш керек болот. Эч канда жыйынтык жок. Эртең өзүнөн эмес, бала-чакасынан корко тургандай мыйзамдарды кабыл алыш керек. Болбосо Кытайга окшоп, коррупционерлердин, суммасына карап, колун кесиш керек, болбосо атууга бериш керек. Мына ошондо гана мамлекетибиз алдыга жылат. Баары эле коррупционер болуп алды. Келгендин баары «жеп» атат. Бирөөсү камалган жок. Миллиондогон евролор жоголуп жатат», — деди Тазабек Икрамов.

Эскерте кетсек, 2013-жылы, аталган долбоордун алкагында, Кыргызстан Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкы менен таштанды иштетүүчү завод куруу үчүн 22 млн евро алууну макулдушкан. Анын жарымы грант болгон. Бирок долбоор бүгүнкүгө чейин ишке ашпай келет.

Каржы министринин орун басары Руслан Татиковдун айтымында, бүгүнкү күнү Кыргызстан аталган каражаттын 6 млн 228 миң евро насыясын жана 5 млн 983 миң евро грантын алган (жалпы 12 млн 211 миң евро). Калган акча аталган банкта турат. Кыргызстан 2016-жылдан тарта насыянын акчасын кайтара баштаган. Учурда 3 млн 25 миң евро кайтарылган. Анын ичинен 204 миңи насыянын үстөк пайызы болуп саналат.

Бишкек шаарынын прокурорунун орун басары Рысбек Аманатов билдиргендей, каражаттардын максаттуу иштетилиши боюнча 5 кылмыш иши козголгон. Азыркы тапта, «Бишкек санитардык полигону» ишканасынын ошол убактагы кызмат адамдарына колзголгон үч кылмыш иши боюнча тергөө аяктап, сотко өткөн.

Ал эми 2 иш боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгы менен чечим кабыл алынат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>