“Көчмөн модасы фестивалы. МУУН 2025” 30-31 октябрда өтөтТокмокто технохаб курулат: Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен Central Asia Capital меморандумга кол койду«Телеграм» аркылуу ИГИЛ уюмуна тартылган кыргызстандык жаран кармалдыКыргызстанда 73 жаштагы бейтаптын жүрөгүнө уникалдуу операция жасалдыБишкекте Опера жана балет театрында өткөн пилатес сабагы коомдо нааразычылык жараттыЧүй облусунун 100дөн ашык окуучусу «Евразия» паркына барды
Бишкек мэриясы жаңы жылдык салютка 755 миң сом жумшайт
20.12.2022 | 17:02
Бишкек шаарынын “Ала-Тоо” аянтындагы жаңы жылды майрамдоо түстүү фейерверк менен аяктайт, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.
Маалыматка караганда, майрамдык салюттарды уюштурууга шаардык бюджеттен 755 миң сом каралган.
“Азыр 2023-жаңы жылды тосууга майрамдык программа даярдап жатат. Жаңы жыл алдында шаардыктарды чыгармачыл жамааттардын жана эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерттик программа күтөт”, – деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, былтыр Бишкекте жаңы жылдык салют болгон эмес. Мэрия аны экологиялык коопсуздук маселеси менен түшүндүрүп, салютка сарптала турган дээрлик 800 миң сомду башка маанилүү иштерге жумшай турганын билдирген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар