Кыргызстандын туроператорлор ассоциациясынын отуруму өттү

Кыргызстандын туроператорлор ассоциациясынын отуруму өттү

Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду Кыргызстандын туроператорлор ассоциациясынын отурумуна катышты. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти.

Жыйында 2022-жылдын жыйынтыктары талкууланган. Отурумдун жүрүшүндө фонддун вице-президенти Кайрат Итибаев фонддун ишмердиги, максаттары, ишке ашырылып жаткан долбоорлор жана пландар тууралуу презентация жасаган.

Маалым болгондой, учурда фонд бизнести жүргүзүүнү жеңилдетүүнүн жана Кыргызстандын туроператорлору үчүн бирдиктүү салык салуу режимин киргизүүнүн үстүндө иш алып барууда (накталай эсептешүү үчүн жүгүртүүдөн 4% жана накталай эмес үчүн 2%). Өтүп бара жаткан жылы фонд тарабынан ар кайсы өлкөлөрдө төрт павильон уюштурулган. Аларда кыргызстандык туроператорлорго өзүнүн продукция жана кызматтарын сунуштоого мүмкүнчүлүк берилген.

«Биз Кыргызстандын туроператорлор ассоциациясына маалыматтык талаада көрсөтүлгөн колдоо үчүн ыраазычылык билдиребиз. Фонд иштиктүү сунуштар үчүн ачык жана туризм тармагындагы инвестициялык долбоорлорду даярдоо жана экспертизадан өткөрүүгө көмөктөшүүгө даяр», – дейт фонддун вице-президенти Кайрат Итибаев.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>