Эстониянын башчысы Алар Карис бүгүн, 20-декабрда «Негизги мектеп жана жогорку орто мектеп жөнүндө» мыйзамга жана эстон тилинде билим берүүгө өтүү боюнча башка мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизди.
Процесс 2024-2025-окуу жылында бала бакчалар менен башталгыч мектептерден башталат. Эстон тилиндеги билим берүүгө толук өтүү 2029-2030-окуу жылынын башында аяктайт.
2029-2030-окуу жылына чейин орто мектептердин жана кесиптик лицейлердин окуу пландарында башка тилдердин үлүшү окутуунун жалпы көлөмүнүн 40%ын түзүшү мүмкүн. Мектептер 10-класста 2030-2031, 11-класста 2031-2032-жылдардан кечиктирбестен эстон тилинде окутууга өтүүнү камсыз кылууга милдеттүү.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз