Алтынбек Жумаев президенттин кеңешчилик кызматынан бошотулду

Алтынбек Жумаев президенттин кеңешчилик кызматынан бошотулду

Президенти Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Жумаев Алтынбек Мусаевич башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу президенттин кеңешчиси кызматынан бошотулду.

Анын ордуна президент Садыр Жапаровдун тиешелүү жарлыгы менен Арслан Койчуев дайындалды.

Алтынбек Жумаев ушул жылдын 3-август күнү Садыр Жапаровго кеңешчи болуп бекиген. Ал буга чейин бир катар массалык маалымат каражаттарын жетектеп келген.

Жумаев төрт окуу жайын бүтүргөн: Кыргыз улуттук университетин (1991), Кыргыз-Россия билим берүү академиясын (2004), Ош мамлекеттик университетин (2017), Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясын (2021) бүтүргөн. Маданият жана билим берүүнүн отличниги төш белгилери бар.

1998-жылдан УТРКда (Улуттук телерадиокорпорация) иштеген. 2005-2006-жылдары мамлекеттик аппараттын эксперти болгон. 2010-жылы «Канал D» («7-канал») телекомпаниясын негиздеген. Ал КР президенттигине талапкер Садыр Жапаровдун шайлоо алдындагы үгүт иштерин жетектеген.

2021-жылдын ноябрь айынан декабрь айына чейин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кеңешчиси болгон.

ЖМКлар Жумаев УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин көптөн бери өнөктөшү жана досу экенин жазып чыгышкан. Ал Жогорку Кеңештин экс-спикери Ахматбек Келдибеков менен дос. 2017-жылы аны менен биргеликте Ош шаарында НурТВ каналын ачкан.

Ал эми Арслан Койчуев эл аралык массалык маалымат каражаттарында көп жыл боюу эмгектенип келген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>