Бишкектин улгайган тургуну телефон алдамчыларына жыйырма эки миллион сомдон ашык каражат которгонУКМК Ош облусунда ири курал-жарак сакталган жайды жок кылдыКыргызстандын бийлиги айылдардагы ичүүчү сууга тарифтерди системаларды тейлөөгө кеткен реалдуу чыгымдарга шайкеш келтирүүнү пландап жатат7-март: Айрым аймактарга жаан, кар жаайтИчүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталды
Бишкектен Кувейтке авиакаттамдар көбөйөт
23.12.2022 | 08:51
2022-жылдын 30-декабрынан тарта Кувейт-Бишкек-Кувейт багыты боюнча кошумча чартердик каттамдардын ачылышы пландалууда. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропорту” ААКнын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка караганда, Jazeera Airways авиакомпаниясы Бишкектен Кувейтке каттамдарды 2022-жылдын 30-декабрында жана 2023-жылдын 1, 2, 4, 13, 15, 19-январында аткарганы турат.
Буга чейин көрсөтүлгөн багыт боюнча жумасына 4 туруктуу каттам аткарылып келген – дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, жума күндөрү.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар