«Альянс Алтындын» 2 млн сомдук сертификаты Күрөш федерациясына берилди

«Альянс Алтындын» 2 млн сомдук сертификаты Күрөш федерациясына берилди

«Альянс Алтын» компаниясы Кыргызстандын Улуттук Олимпиада комитетинин спорт федерацияларына сертификаттарды тапшыруу аземине катышты.

УОК быйыл спортчулары мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен алдыңкы федерацияларга акчалай сертификаттарды тапшырды. «Альянс Алтын» комитетке 2 млн сомдук сертификат берип, ал Кыргызстандын Күрөш федерациясына ыйгарылды.

Эске салсак, өткөн жылы «Альянс Алтын» менен УОК кызматташуу боюнча келишимге кол коюшкан. Компания комитеттин өнөктөшү болуп саналат жана ага колдоо көрсөтүп келет.

Кошумчалай кетсек, аталган компания «Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду аркылуу Талас облусунда мелдештерди өткөрүүгө каражат бөлүп, бул аймактан келечектүү спортчулардын чет элдик турнирлерге баруусуна жардам берип келет.

«Биздин ишкана 2021-жылдын март айында ишке кирген, негизги инвестиция 400 млн долларды түзгөн. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын бюджетине салык түрүндө 9 млрд сомдон ашык акча котордук. Өткөн жылы салык төлөмдөрү боюнча республика боюнча алтынчы орунду ээлеген болсок, быйыл үчүнчү орунга чыгууну пландап жатабыз.

Спортко жардам берүү менен биз сергек жашоо образын жайылтууга, улуттун ден соолугун чыңдоого жана Кыргыз Республикасынын эл аралык аренадагы аброюн көтөрүүгө салым кошобуз», — дейт «Альянс Алтын» ЖЧКсынын башкы директору Сабир Рахматов.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>