Кадамжайда 95 гектар жер мыйзамсыз трансформацияланган

23.12.2022 | 12:39

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Айрыбаз (Марказ) айыл аймагында жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялоо фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

УКМКнын маалыматына караганда, Айрыбаз айыл аймагынын 2017-жылдын 18-апрелиндеги №15 токтому менен 581 жаранга үй куруу үчүн 95 га жер мыйзамсыз трансформацияланган. Ошол эле учурда, бөлүштүрүлгөн жерлер айрым муниципалдык мекемелердин жана укук коргоо органдарынын жетекчилерине берилген.

Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кадамжай районунун Айрыбаз айыл аймагындагы жер тилкелеринин 197 мамлекеттик актылары кайтарып алынды, алардын ичинде Айрыбаз айыл аймагына кирбеген башка административдик-аймактын жашоочулары да бар экени аныкталды.

Азыркы учурда жер тилкелерин мыйзамсыз берүүгө тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top