Маевка айыл өкмөтү мамлекетке 7,6 млн сом зыян келтирген

Маевка айыл өкмөтү мамлекетке 7,6 млн сом зыян келтирген

Маевкадагы айыл өкмөтүндө мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилгени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, Аламүдүн райондук прокуратурасы тарабынан Маевка айыл өкмөтүндө бюджеттик мыйзамдардын талаптарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлгөн.

«Текшерүүдө, 2018-2021-жылдар аралыгында аталган айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында 7 млн 620 миң 968 сомдук бюджеттик акча каражаттарынын жетишсиздиги аныкталып, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген», — деп билдиришти прокуратурадан.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен райондук прокуратура тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн факт боюнча Кылмыш кодексинин 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) жана 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>